Кыргызстанда 14-апрелде кечке маал очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жердин титиреши Ош облусунун Өзгөн районунун Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында үч баллга чейин сезилген.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок жана эч нерсе кыйраган жок. (RK)