Түркмөнстанда коронавирус менен ооруган адамдарды аныкташ үчүн жолдордо, шаарлардын кире бериштеринде, автобекеттерде жана коомдук жайларда кишилердин дене табы текшерилүүдө. Мектептерде жана бала бакчаларда 10-апрелден тартып коронавируска тест алынып жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы болсо жашыруун бойдон турат.
Ал арада калк коронавируска каршы күрөшүүгө кеткен чыгымдарды төлөөгө аргасыз болуп жатат. «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, полиция кызматкерлери өз эсебинен сенсордук термометрлерди сатып алууга милдеттендирилген. Ал 300 манат турат. Бул ар бир полиция кызматкеринде болушу керек. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар.
Ал эми Ашхабадда мугалимдер медикаменттер үчүн акча төлөөгө милдеттендирилген. Окуучулар болсо дезинфекция каражаттарын алып жүрүшү керек жана мектептердин ичин аласташ үчүн адырашманга акча чогултушууда.
Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус жуккан учур каттала элек.