Боронов: Өкмөт мигранттарды алып келүүнүн бардык аргасын издеп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов парламент комитетинин жыйынында Тышкы иштер министрлигинин жардамы аркылуу мигранттар кайта албай жаткан өлкөлөрдүн аба компаниялары менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Колдон келгенин кылып жатабыз. Новосибирскиден жарандарыбызды алып келиш үчүн сүйлөшүлгөн учак акыркы сааттарда экипажы макулдук бербей, учпай калды. Усть-Каменогорскиге атайын автобус жибердик. Илецкиге жыйылган мекендештерди өткөрүүгө Казакстандын бийлиги уруксат бербей койду. «Ал жерге чогулбагыла» деп айтылган, аларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок», - деди ал.

Боронов сырттагы келе албай жаткан мигранттарды алып келүү аракети мындан ары да уланарын кошумчалады. Ал мигранттарды алып келүүчү чартердик учакты кондурууга «Манас» аэропорту даяр экенин, ал үчүн өкмөт аралык сүйлөшүүлөр зарыл болорун эске салды.

Расмий маалыматтар боюнча учурда 4371 кыргыз жараны чет өлкөлөрдөн келе албай жатат. Алардын ичинде басымдуу бөлүгү Орусиядан, 400дөй жаран Түркиядан келе албай жатат. Булардан тышкары Европа жана башка алыскы чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктар да бар экени кабарланган. (ZKo)