Сөгүнгөнү видео аркылуу таратылган кыз 15 күнгө камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз №1 тергөө абагына 15 суткага камалды. Бул тууралуу 14-апрелде шаардык комендатура кабарлады.

Ал Жазык кодексинин «Ээнбаштык» деген беренеси боюнча айыпталууда. Факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 11-апрелде Бишкектин Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде кечки саат 6га жакын болгон.

Маалыматта "патрулдук кызматкерлер аны беткапсыз жүргөнү үчүн токтотсо уят сөздөр менен айтышып, милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, коомдук тартипти жана жалпыга тийиштүү жүрүм-турум нормаларын бузуп, агрессия көрсөтүп, милиция кызматкерине күч колдонгон» деп айтылат.

Бул окуянын видеосу 13-апрелде Интернетке тарап, учурда коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат.

Видеодогу кыз 23 жашта экени белгилүү болду. Алгач ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин Октябрь райондук сотунун чечими менен тергөө абагына камалды.

Кыздын өзү жана анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек. (RK)