Министрлик: Ооругандар менен 7100 адам байланышта болгон

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавируска чалдыккан бейтаптар менен 7100 адам контактта болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө улам өзгөрүп турушу ыктымал. Алардын ичинен жакын байланыштагылар 1417, башка байланыштар 5683 адам болгон.

Оорусу тастыкталган адамдар менен байланышта болгондордун арасынан 974 киши обсервацияда жатат.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 430 адамга жетти, бешөө каза болду. 71 адам айыгып чыкты.

22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Коронавируска каршы республикалык штаб өзгөчө абалды дагы узартууну сунуш кылып жатат. (RK)