Жалган маалымат таратканы үчүн кармалгандар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин баары коё берилген. Бул тууралуу 14-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) медицина кызматкерлерин «күчкө салып кечирим суратуу» тууралуу дооматтар боюнча тараткан комментарийинде билдирди.
Атайын кызмат «айрымдар дүйнө жүзүндө жайылып жаткан коронавирус боюнча такталбаган маалымат таратып жана COVID-19га каршы иштеп жаткан бардык мекемелердин ишин жаман көрсөтүп, өзүнө жеңил пиар кылууга аракет кылууда» деп эсептейт.
Мекеменин маалыматына караганда, ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жалган маалымат жарыялап тараткандар, арасында медицина кызматкерлери да аныкталган. Бул фактылар боюнча материалдар юридикалык баа бериш үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.
УКМК Ысык-Атадагы дарыгер Бектур Апышевдин катышуусу менен кандайдыр бир иш-чара өткөрүлбөгөнүн билдирди.
Коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылып жатат. Мындан бир аз мурда үй-бүлөлүк дарыгер Бектур «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараган. Бул үчүн социалдык түйүндөрдө УКМКны айыптап жатышат. Айрым юристтер бул мекеме адамды эл алдында кечирим суратууга акысы жок болчу деп эсептешет. (RK)