Москвада камалган америкалык жаран Пол Уиландын сот иши кайра жанданат

Тыңчылык үчүн шектүү катары камалган америкалык жаран Пол Уилан Москва шаардык сотунда. 24-май, 2019-жыл.

Москвада тыңчылык үчүн шектүү катары камалган америкалык жаран Пол Уиландын сот ишин кароо 13-апрелде жанданат. Буга чейин 30-мартка белгиленген сот коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам эки аптага жылдырылган. Орусияда пандемиядан улам бир катар сот иштерин кароо токтотулган. Уиландын ишин караган Москва шаардык соту 23-мартта анын камактагы мөөнөтүн 13-сентябрга чейин узарткан. Сот буга чейин анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтөрдү канааттандырган эмес.

Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жарандыгы бар, мурдагы деңиз аскери Пол Улиан 2018-жылы 28-декабрда кармалган. Ага «америкалык атайын кызматтардын пайдасына тыңчылык кылган» деген айып коюлган. Аны кармаган учурда «мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтар» табылганы айтылган.

Уилан күнөөсүн мойнуна алган эмес жана «саясаттын курмандыгы болуп калганын» айткан. Ал камакка алынган кезде АКШдагы компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеп жүргөн.