Алардын баскан-турганын көзөмөлдөөчү атайын тиркеме үй карантинине алынган жарандардын чөнтөк телефонуна орнотулат. Тиркеме жарандын макулдугу менен гана орнотулат.
Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, тиркеме бейтаптардын ден соолугуна байкоо жүргүзүп, дарыгерлердин ишин жеңилдетет. Мындан тышкары үй карантининдеги жаран саламаттыгы кескин начарласа, SOS баскычын колдонуп, инфекционист дарыгерлердин тез жардамын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Штаб кабарлагандай, тиркемедеги маалыматтар купуя, кызматтык колдонууга арналган. Мобилдик көзөмөлдөө системасына кирүү укугу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимине жооптуу саналуу гана адистерге берилген.
Мобилдик көзөмөл тиркемесин Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети иштеп чыкты.
13-апрелде Кыргызстанда COVID-19 дагы 42 адамдан табылды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 419 болду, беш киши каза болду, 67 бейтап айыгып чыкты.
Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам. Үй карантинине алынган адамдардын саны тууралуу расмий маалымат жок. (ZKo)