COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны 79 адамга жетти

Иллюстрациялык сүрөт.

13-апрелге карата соңку бир суткада Кыргызстанда COVID-19 дагы 16 медицина кызматкеринен табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 16 кызматкердин тогузу Бишкекте, төртөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында, бирөө Баткенде.

Ошентип, илдет жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 79 адамга жетти. Алардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар бар экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 419 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, 67 киши айыгып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган. (RK)