Кыргызстан дүйнөдөн колдоо күтөт

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан сырттан 1 миллиард долларлык акчалай жана гуманитардык жардам сурады.

Анын бир бөлүгү келип түшсө, калгандары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок айрымдар бир жактуу саясат жүргүзгөн жана эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдарга каршы маанай күчөгөн өлкөдө колдоо көп болбойт деп эсептешет.

Жардамдын эсеби

COVID-19 илдети Кыргызстанды да каптаганы президент Сооронбай Жээнбеков жана кыргыз өкмөтү бир нече мамлекеттен, он чакты эл аралык финансылык мекемелерден жардам сурады.

Анын ичинен азырынча Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк банктан гана оң жооп келди. ЭВФ 120 млн. доллар, ал эми Дүйнөлүк банк 12 млн. доллар (50% – насыя, 50% – грант) көмөк жиберди.

Өкмөт кабарлагандай, Азия өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан (ЕБРР) 100-150 миллион доллар жардам алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары Ислам өнүктүрүү банкынан да 11 миллион доллар жардам болушу мүмкүн.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сырттан келген жардам Кыргызстанга өтө зарыл болуп турганын билдирди.

Кубатбек Боронов.

«Айрым медиа каражаттарында «биздин өлкөбүз кайырчы болуп калды» деген сөздөр айтылып жатат. Бүгүнкү күндө 200дөн ашык өлкөдө коронавирус тарап, бардык мамлекеттер эл аралык институттардын жардамдарына муктаж болууда. Мисалы, Эл аралык Валюта Фондунан 80ге жакын өлкө шашылыш жардам алды. Ошол сыяктуу эле Кыргызстан да дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары ушундай финансылык уюмдардан жардам алып жатканыбыз туура деп эсептейбиз»,-деди ал өкмөттүн пландуу брифингинде.

Өкмөт коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы 5 миллиард сом зыян тартканын, анын ичинен салыктардан 1,5 миллиард сом, бажы төлөмдөрүнөн 3,8 миллиард сом түшпөй калганын кабарлады. Ошол себептен эл аралык жардам ушунун ордун толуктоого жумшалышы мүмкүн.

Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-апрелде республикалык штабдын жыйынында буларды билдирди:

«Тышкы жардамдын көлөмү боюнча айтсак, болжолдуу түрдө 450 миллион АКШ долларын түзөт. Бул каражат бюджетти жана бизнести колдоого багытталат», - деди Абылгазиев.

Эгер гуманитардык жардам жөнүндө сөз болсо, расмий Бишкек Кытай, Швейцария, Жапония, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Түркия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерден көмөк алды. Алардын суммасы ар кандай көлөмдө.

Жакын арада германиялык GIZ уюмунан Кыргызстанга 550 миң евролук гуманитардык жардам берилмей болду.

Эми Кыргызстан чет жактан сураган финансылык жана гуманитардык жардамдын баарын акчалай суммага чаксак, болжолдуу 1 млрд. доллардын тегерегинде болуп жатат. Жагдай оорлосо бул сумма дагы өсүшү мүмкүн.

Бирок өз саясатын көп векторлуу деп атап, иш жүзүндө Орусия жана Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерине ыктап жашаган Кыргызстанга эл аралык коомчулук жардамын көбөйтө алабы? Коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыковдун жообун угуп көрөлү.

Таалатбек Масадыков.

«Тышкы саясаттагы көп полярдуулук сөз боюнча гана калып жатат. Бул жагдай мурдатан келатат. Азыркы президент деле башка мамлекеттерге барып, жөн гана «мен Кыргызстандын президентимин» деп гана тааныштырып келди. Андан ашыкча кызматташуу болгон жок. Эч ким менен мамилени жыргаткан жокпуз. Мына азыр кыйынчылыкка кептелгенде кайра бардыгына кайрылып, сурап жатабыз. Бизден эч нерсе жок, жалаң гана жардам сурайбыз. Андай саясат болбойт. XXI кылымда бир тарапты гана колдоп, бир-эки мамлекет менен гана саясат кылабыз деген туура эмес. Саясат көп векторлуу болушу керек. Ошондуктан азыркы көп жардам келиши мүмкүн эмес»,-деди эксперт.

Тышкы саясаттын бузулушунан бир мисал, кыргыз өкмөтү АКШ менен кызматташтык тууралуу келишимди 2015-жылы бир тараптуу денонсациялаган. Жаңы келишимге байланыштуу иштер ортологону айтылганы менен, ал аягына чыга элек.

«Сындагандардан жардам сурадык»

Арийне, Кыргызстандын ички саясатында деле эл аралык уюмдарга, алардан жардам алган жергиликтүү өкмөттүк эмес мекемелерге карата тескери үгүт бар эмес беле. Адистер ал азыр деле бар экенин жана ошол жагдай эл аралык коомчулукту Кыргызстанга жардам берүүсүнө тоскоолдук болуп каларын белгилешет.

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму координатору Динара Ошурахунова буларга токтолду.

Динара Ошурахунова.

«Биздин Баш мыйзамда деле Кыргызстан бардык өлкөлөр менен, эл аралык уюмдар менен тең ата саясат жүргүзөт деп көрсөтүлгөн. Чет элдеги же Кыргызстанда иштеп жаткан мекемелердин баары биздин өкмөт менен түзүлгөн макулдашуулардын негизинде иш алып барат. Өкмөттүк эмес уюмдар ошондон кийин гана эл аралык уюмдар менен иштей баштайт. Бирок ага карабай бизде биринчи президенттен баштап, өкмөттүк эмес уюмдарга тескери пропаганда башталган. Көбүнчө адам укуктары бузулган же мыйзам бузулган учурларда уюмдар бийликти сындаганда, анын оңдогондун ордуна бийлик өкмөттүк эмес уюмдарды, анын ичинде алар каржы алган эл аралык уюмдарды жамандап чыга келишчү. Ал тургай төңкөрүш уюштурууга, же дагы ушундай бирдемелерге айыптаган пропаганда бар болчу. Ал азыр да болуп жатат. Мындай пропаганда жакшылыкка алып келбейт эле»,-деди ал.

Акыркы эле мисалдардан быйыл Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Мыйзам долбоордун башкы демилгечилеринин бири, депутат Бактыбек Райымкулов сырттан келген финансылык каражаттар шек туудуруп жатканын, ошол себептүү өкмөттүк эмес уюмдарды тыкыр текшерүүгө алуу керектигин билдирген.

Бул маселе боюнча президент, президенттик аппарат же өкмөт өз позициясын ачык айткан эмес.

«Ар бир президенттин мөөнөтүндө парламентте көбүнчө батыштагы эл аралык уюмдарга, өкмөттүк эмес уюмдарга каршы маселелер көтөрүлүп келген. Анда көбүнчө мамлекеттик бийлик көрмөксөн, укмаксан болуп, көзүн жаап алат. Бийлик батыштан алган жардамды медиа каражаттарынан атайылап көп айтпайт, Орусия же Кытайдан алса аны дүңгүрөтүп кабарлайт. Азыр болсо коронавирус пандемиясынан улам президент эл аралык уюмдардын баарынан жардам сурап жатканын көрүп жатабыз. Башкача айтканда бийлик өзү сындаган, өзү күнөөлөгөн тараптардан, же уюмдардан кайра акча суроого арагасыз болууда. Ушундан кийин мамлекеттик бийлик, саясатчылар жана пропаганданы жайган ММКлар эл аралык уюмдарга жана өкмөттүк эмес уюмдарга карата саясатын кайра карап чыгышы керек»,-дейт Динара Ошурахунова.

Кеп болгон мыйзам долбооруна Бактыбек Райымкуловдон тышкары депутаттар Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Умбеталы Кыдыралиев, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев, Бактыбек Турусбеков жана Аида Исмаилова демилгечи болгон. Соңку аталган эл өкүлү апрелдин башында вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун авторлору Марлен Маматалиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Аида Исмаилова, Бактыбек Райымкулов, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова жана Умбеталы Кыдыралиев (солдон оңго карай). Ортодо башкы демилгечи Бактыбек Райымкулов.

Башкача айтканда, өкмөттүк эмес уюмдарга каршы саясатчы эми өкмөт мүчөсү катары эл аралык уюмдар менен иштешүүсү керек болот. Эми тескерисинче Аида Исмаилова сырттан келген акчанын кайда жумшалганы тууралуу жарандык коомго отчет бериши керек болот.

«Кыргызстан жаштар федерациясы» кыймылынын лидери Айбек Теңизбаев буларга токтолду:

Айбек Теңизбаев.

«BBCнин жакында эле чыккан изилдөөсүнө таянсак, Кыргызстанга эл аралык уюмдардан көрсөтүлүп жаткан финансалык каражаттардын көпчүлүк бөлүгү уурдалып жатат. Ушул маалыматты жана буга чейин тажрыйбаларды сырттан келип жаткан жардамдын кайда иштетилип жатышын көзөмөлгө алуу учур талабы. Кырдаалдан пайдаланып, ар түрдүү шылуундар чет элдик уюмдар берген акчаны чөнтөгүнө салып, же максатсыз пайдаланып жибериши ыктымал. Канча акча келди, ал кайсы жакка жумшалды, кандай иштер аткарылды, өкмөт статистика менен элге маалымат берип турушу керек. Азыркы учурда андай маалымат аз, ачык-айкындуулук жок болууда»,-деди.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери, тагыраагы 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 млрд. 193 млн. доллар грант жана насыя алган. Мунун 7 млрд. 320 млн. доллары карыз катары, 2 млрд. 873 млн. доллары кайтарымсыз жардам катары алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​