Каратаев: Дарыгерлер үчүн миңге жакын автоунаа уюштурулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев медицина кызматкерлерин жумушка алып барып, кайра үйүнө жеткирүү үчүн 1000ге жакын автоунаа, кичи автобустар иштеп жатканын кабарлады.

Анын сөзү боюнча, транспорт каражаттарын жергиликтүү бийлик, депутаттар жана демөөрчүлөр уюштуруп берди. Автоунаалардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында.

11-апрелге карата Кыргызстанда 51 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Алар - дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана кир жууган жумушчулар.

Ооруканаларда жана санитардык-карантиндик блок-посттордо иштеген дарыгерлер жумушка жөө же велосипед менен барганга мажбур болуп жатышканын айтышкан. Социалдык тармактарда алардын сүрөттөрү жана видеолору тарады. (BTo)