ИИМ: окуучу кыздан пара талап кылган милиция кызматкери кармалды  

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы «Кара-Көл шаарында милиция кызматкери окуучу кызды зордуктоого аракет кылды» деген маалымат чындыкка туура келбесин кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 3-апрелде Кара-Көл шаардык милициясынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Ал 9-класстын окуучусун «түн ичинде көчөдө жүргөнү үчүн жүрүм-турумуңду видеого тартып, Интернетке чыгарам» деп коркутуп, акча талап кылган.

Жалал-Абад милициясы шектүүгө карата пара талап кылуу беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлады. 6-апрель күнү Жалал-Абад облустук сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылган. (TSh)