Шевченко, Кененсаров, Назаренко, Ахметов: кыйын кырдаалда четте турбайлы

Иллюстрациялык сүрөт.

Чет өлкөдөгү белгилүү кыргызстандыктар мекендештерине кайрылып, өлкөдөгү кыйын кырдаалда колунда бар жарандарды четте турбастан элге жардам берүүгө чакырды.

Алардын видео кайрылуусун «Азия MIX» КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров «Instagram» баракчасына жайгаштырды.

Андагы маалыматка ылайык, «Азия MIX» КВН командасы, UFC чемпиону Валентина Шевченко, «Город 312» тобунун ырчысы Светлана Назаренко жана Орусиядагы ЦСКА футбол клубунун оюнчусу Ильзат Ахметов 1 млн. сомго медициналык каражаттарды жөнөтүшкөн.

18-марттан бери Кыргызстанда COVID-19 вирусу 228 адамдан табылды. Алардын 23ү айыкты, төрт киши каза болду. (TSh)