7-апрель окуясына арналган даректүү тасма тартылды

Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында «Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» аттуу толук метраждуу даректүү тасма тартылды. Тасма мамлекеттин тапшырмасы менен 7-апрель революциясынын 10 жылдыгына арналган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Даректүү тасмада кыргыздардын басып өткөн жолу, өлкө эгемендигинен тартып 2010-жылдагы окуяларга чейин камтылган. Министрлик фильм тартууга канча каражат кеткени тууралуу маалымат берген жок. Тасма 7-апрель күнү мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлдү.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Анын ордуна Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу Өкмөт бийликке келген. (TSh)