Чукул билдирүү: Үшүк, сел жүрөт

Бишкек шаары. 31-март, 2020-жыл.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 8-9-апрелде Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, 9-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын мол жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт. 9-10-апрелде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында суук болуп, үшүк жүрөт. 10-11-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында да үшүк жүрөт. Үшүктөн өрүктүн гүлдөгөн жана гүлү түшкөн бүчүрлөрү, данектүү мөмө бактарынын эрте бышчу сорттору жабыркашы ыктымал.

2020-жылдын 8-9 апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бийик тоолуу жолдордо кар күрткүсү топтолуп, кар көчкү жүрүшү ыктымал.

Жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Машинелердин ортосундагы кыймыл 500 метр аралык менен чектелиши зарыл.