Казакстанда Чымкент шаары да карантинге жабылмак болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Казак бийлиги 4-апрелден тартып бир миллиондой эл жашаган Чымкент шаарын карантинге жабат. Өзгөчө абал режимин сактоо боюнча мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабы тараткан маалыматта бул шаарда коомдук транспорт таңкы 7ден кечки 7ге чейин гана жүрөрү, зарыл иши болбосо жарандар көчөгө чыкпашы керек экендиги айтылат. Ошондой эле 55 жаштан өткөн жарандар үйдө отурууга милдеттендирилди.

Буга чейин Нур-Султан, Алматы баштаган сегиз шаар карантинге жабылган жана аларга кирип-чыгуу чектелген.

Казакстанда коронавирска байланыштуу жагдайдан улам 16-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланган.

Соңку маалыматка ылайык, Казакстанда коронавирус 453 адамдан табылды. Үч бейтап каза болуп, 30дай киши айыгып чыкты.