COVID-19: Каза болгон ноокаттык бейтаптын жаназасына туугандары катышкан жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп, ооруканада каза тапкан алгачкы бейтаптын жаназасына туугандарынан эч ким катышкан жок. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди:

«Жерге берилгенде тууган-уруктарынан эч ким болгон жок, жанында. Ачык эле айтам».

Нурдинов ооруну жайылтпаш үчүн ар бир адам зарыл болбосо үйдөн чыкпашы керек экенин эскертти.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 2-апрелде Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.

Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жатканы маалым болду. ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен анда COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган. Ошондой эле башка да кошо өрчүп кеткен оорулары болгон.

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 130 адам аныкталды, алардын бирөө каза тапты. (RK)