Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өзбекстандан гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу кийимдери, 95 респиратор, 20 миң мээлей, 500 көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-система келген. Жүк 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн.

Өзбекстандан келген гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлүп, мамлекеттик мекемелердин макулдашуусу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.

2-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. (TSh)