Бишкек шаарында карантиндик чектөө аянты кеңейтилди. Бул тууралуу комендатура кабарлады.
Баш калаанын түштүк тарабындагы төмөнкү көчөлөрдө адамдардын жана автоунаалардын өтүшүнө тыюу салынат:
• Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
• Сүйөркулов – Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;
• Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр, Малдыбаев, Токтоналиев, Айтматов көчөлөрүнүн түндүк тарабы;
• Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаев көчөсүнүн чыгыш тарабы.
Мындай чектөө аталган аймактарды дезинфекциялаш үчүн киргизилип жатат. Буга чейин Бишкектин чектөөгө алынган борбордук бөлүгүндө да дезинфекция иштери улантылат.
18-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 116 адамга жукту, алардын бешөө айыгып чыкты. (RK)