Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам айыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам айыкты. Бул тууралуу 2-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын билдирүүсүндө «Ала-Бука районунда эки адам COVID-19дан айыкты. Бир аял жана бир эркек ооруканадан чыгарылды» деп айтылат.

18-марттан 2-апрелге чейин өлкөдө коронавирус жуккан 116 киши катталды. Буга чейин Жалал-Абадда үч бейтап айыгып чыккан. (RK)