2-апрелде саат 09:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы беш кишиден табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Алардын экөө Ноокат районунда, бирөө Ош шаарында, экөө Баткендин Кызыл-Кыя шаарында катталган. Ошентип, Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын саны 116 киши болду. Алардын үчөө айыгып чыккан.
25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. (TSh)