«Сорос-Кыргызстан» фонду коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) 458 400 сомго жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине 355 миң сомдон ашык каражатка көмөк көрсөткөнүн билдирди.
Тактап айтканда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу мекемелерге 4000 медициналык мээлей, 2880 бахилла, 1000 литр антисептик жана 10 коргогуч комбинезон сатып берилди. ЖАМК мекемелерине 10000 медициналык мээлей, 10000 бахилла, 1000 литр антисептик жана 30 атайын коргогуч костюмдар сатып алынды.
19-мартта «Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргызстанда эпидемиянын жайылышына каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдарга жардам бериш үчүн фонд түзгөн. Фондго 100 миң доллар акча бөлүнгөн. Буга чейин бир катар мамлекеттик органдарга жардам берилген. (TSh)