Депутат Шер-Нияз комендатура журналисттердин укугун «тепсендиге салганын» айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абалда Бишкекте журналисттердин ишин чектеген чечим Жогорку Кеңеште сынга алынды.

1-апрелде парламенттин жыйынында сүйлөп жатып депутат Садык Шер-Нияз вице-премьер-министр Эркин Асрандиевге кайрылып:

«Эмне үчүн журналисттер ошол тизмеге кирбей калган? Эмне үчүн ал тизмеде мамлекеттик ЖМКлар гана болушу керек? Бүткүл дүйнө жүзү маалымат ачык болгону үчүн Кытайдагыны укту, күрөшүп жатат. Эмне үчүн дүйнөдөгү тажрыйба Кыргызстанда болбошу керек?» - деди.

Депутат парламенттин айрым мүчөлөрү да блокпосттон өтө албай, жумушка айланып келгенин белгилеп: «Силер Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктарын чектеп жатсаңар, жөнөкөй журналисттерди жөн эле тепсендиге салып жатасыңар!» - деп кошумчалады.

Эркин Асрандиев депутаттын суроосуна жооп берип, бул маселе комендатурада каралып жатканын айтты.

Бишкектин комендатурасы өзгөчө абал учурундагы чектөөлөр күчөтүлгөнүн 31-мартта жарыялаган. Коронавирусту жайылтпоо максатында адамдарга конокко барууга, көчөгө себеби жок чыгууга тыюу салынганы айтылган. Кызматкерлерине уруксат берилген ишкана-мекемелердин тизмеси түзүлгөнү, ал тизмеде жокторго көчөгө чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон. Бул тизмеге жалпыга маалымдоо каражаттары кирген эмес. (RK)