ТИМ: Исламабаддагы ооруган кыргызстандыктын абалы жакшы

Пакистан. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын борбору Исламабад шаарында коронавируска чалдыгып, ооруканага жаткырылган кыргызстандык жарандын абалы жакшы. Бул тууралуу «Азаттыкка» Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди:

«Пакистандагы биздин элчиликтин кызматкерлери ооруканадагы мекендешибизден кабар алып атышат. Абалы жакшы».

Дыйканбаевдин маалыматына караганда, Пакистанда карантинде кармалып тургандардын да абалы жакшы.

Пакистанда кыргызстандык дааватчыдан коронавирус табылганы тууралуу 23-мартта кабарланган. Маалыматка ылайык, 57 жаштагы кыргыз жараны 60, 42 жана 24 жаштагы төрт мекендеши менен Пакистанда даават кылып жүргөн. Бешөө тең ал жакта консулдук каттоого турган эмес.

Оору табылган кыргызстандык учурда Исламабад шаарынын PIMS («Pakistan Institute of Medical Sciences») ооруканасында жатат, калган төртөө карантинге алынды.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабаддын администрациясы менен байланышта турат. (ZKo)