Карантин маалында күйөөсүнөн кордук көргөн аялдар маселеси парламентте көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бийлик коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткан аялдардын абалын да унутпашы керек. Бул маселени 1-апрелде парламенттин жалпы жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева көтөрүп чыкты:

«Милдеттүү түрдө изоляцияда болуу үй-бүлөлүк зомбулук проблемасын күчөттү. Агрессивдүү түгөйлөрү менен камалып отурган аялдарга оор сыноо болууда».

Депутаттын: «Эгер аялдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болсо үйүнөн чыгышына уруксат берүүчү норма каралса болобу?» деген суроосуна ички иштер министринин орун басары Памир Асанов жооп берди:

«Биз да бул маселени карап жатабыз. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш жер-жерлерде жүрүүдө».

Депутат Асылбаева коронавируска каршы түзүлгөн штаб мындай учурга кабылган аялдарга өзүнчө бөлмө караштырууну сунуш кылды. Милиция өкүлү бул маселе тийиштүү мекемелер менен талкууланышы керек экенин айтты. (RK)