Ошто комендатура өкүлдөрү менен айтышкан аялга укуктук баа берилет (видео)

Жол тосуп турган комендатура өкүлдөрү. Ош шаары. 31-март, 2020-жыл. (Сүрөт Ош ШИИБна таандык).

Ош шаарында Курманжан-Датка көчөсү менен Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тосуп турган милиция кызматкерлерине «күйөөм УКМКда иштейт» деп, жолдон өткөрүшүн талап кылган аялдын окуясы тергелип, укуктук баа берилет. Бул туурасында «Азаттыкка» Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Замир Сыдыков билдирди.

«Жарандын аты-жөнү жана машинесинин номерлери такталды. Бүгүн тергөө кызматына жеткирилет жана юридикалык баа берилет. Тергөөчүлөр тарабынан чара көрүлөт. Балким баш ийбөө болушу мүмкүн. Азыр «аял унаасын (милиция) кызматкерлерине көздөй айдап жиберген» деген да сөз айтылып жатат. Маалыматтын баары такталат. Ал жерде адамдар көп болгондуктан, жеринен чара колдонууга мүмкүнчүлүк болгон эмес», - деди Сыдыков.

1-апрелде соцтармакта тараган тасмадан блокпостто турган милицияны тилдеген аялдын жол тандабаска олтуруп айдап кеткенин байкоого болот. Окуя 31-мартта болгону айтылууда.

Айдоочунун өзгөчө абалдын талаптарына баш ийбеген учуру Ош шаарында 27-мартта дагы катталган. Анда эскертүү иретинде «Honda Fit» унаасынын айдоочусуна ок атылып, аял тергөөгө алынганы кабарланган.

Коронавирус илдетине байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош шаарларында, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген. (DU)