31-мартта жикчил, эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги коронавирус пандемиясына карабай президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрдү.
Аймактын башчысынын кызматына 14 адам ат салышты. Улуттук жыйындагы 33 орун үчүн 12 партия талапкерлерин көрсөттү. Жалпысынан аймакта 282 добушкана ачылды, алардын бири Ереван шаарында жайгаштырылды.
Европа Биримдиги 31-марттагы билдирүүсүндө карабактык лидерлерге шаркет алардын түзүмүн тааныбай турганын, соңку окуя жаңжалдарды чечүүнүн эл аралык механизмдерине тоскоол болорун эскертти.
Европа Биримдиги «2020-жылдын 31-мартында Тоолуу Карабакта өткөн «президенттик жана парламенттик шайлоо» деп аталган жараянды конституциялык жана укуктук нормаларга сыйбайт деп эсептейт”, – деди шаркеттин басма сөз катчысы Питер Стано.
«Бул окуя Тоолуу Карабактын макамын аныктоого же жүрүп жаткан сүйлөшүү жараянын ишине таасир этпей койбойт» - деди Биримдиктин өкүлү. Стано Европа Биримдиги ЕККУнун Минск тобуна “бекем колдоо” көрсөтө турганын кошумчалады.
Азербайжандын курамына кирген аймакты Армения колдогон жикчилдер 1988-1994-жылдардагы жаңжалда ээлеп алышкан. Алты жылга созулган куралдуу кармашта кеминде 30 миң киши набыт болуп, жаңжалда миңдеген киши жер которууга мажбур болгон.
1994-жылы Орусиянын ортомчулугу аркылуу жаатташкан тараптар элдешкени менен Тоолуу Карабак армяндардын көзөмөлүндө калган. Бакунун көз карашында, Армения жикчилдерди колдоп, аскердик жардам берип турат.
Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын эч бир өлкө тааныган эмес.
Аймакта такай кагылыштар болуп турат. Азербайжан менен чек арада эки армян жоокери жана карапайым тургун жарадар болгондон кийин 30-мартта Ереван Бакуну «ок атышуу боюнча макулдашууну бузду» деп айыптады.
Орусия, АКШ жана Франция теңтөрагалык кылган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУнун) Минск тобу Тоолуу Карабак кризисин жөнгө салууда ортомчу болуп жүрөт. Бир топ жылдан бери топтун ортомчулук аракетинен майнап чыга элек.