Коопсуздук кеңеши коронавирустун алдын албаган айрым жетекчилерге чара көрүүнү сунуш кылды

Коопсуздук кеңешинин жыйыны. Архивдик сүрөт

Президент коронавирустун алдын алуудагы кемчиликтери үчүн республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 31-мартта өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын көбөйүп жатышы алдын алуу иштеринин жетишсиз болгонунун жыйынтыгы экенин белгилеген.

Президент Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылып, коронавирус жуккандар менен байланышта болгондорду өз убагында аныктабаганы үчүн сынга алды. Ошондой эле Жээнбеков лабораториялык медициналык техниканын жетишсиздиги байкалганын, дарыгерлерди коргоочу каражаттар менен камсыз кылууда кемчиликтер болгонун кошумчалады.

«Январь айында "бардык лабораториялар даяр" деп айтып жаткансыз. Иш жүзүндө мындай болбой чыкты. Тесттен өткөрүү боюнча реагенттер жетишсиз экен. Министрлик өз убагында ыкчам аракеттерди көрүшү керек болчу. Аны кылбаптырсыңар», - деп билдирген президент.

Ошондой эле Жээнбеков өлкөдө өзгөчө абал киргизилген аймактардагы комендатуралардын иши боюнча нааразылык көп экенин белгилеген.

Натыйжада Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө коронавирустун өлкөдө жайылышынын алдын албаганы үчүн чара көрүүнү сунуш кылды. Сөз кайсы өкмөт жетекчилери жөнүндө болгонун президенттин басма сөз кызматы тактаган жок. (BkA)