Абактагылар менен жолугушуулар убактылуу токтотулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Мелис Турганбаев 30-март күнү чукул өткөрүлгөн жыйында абактагылар менен жолугушууларды кырдаал турукташканча токтотууга буйрук берди. Мындан тышкары жабык жайларда отургандарга сырттагы жакындарынан буюм-тайым, азык-түлүк алып берүү да чектелет. Дары-дармек, гигиеналык каражаттар жана жууп-тазалоочу буюмдарды берүүгө уруксат.

ЖАМКтын маалыматына караганда, абактардан жугуштуу илдет боюнча кайрылгандар болгон жок.

Бардык түзөтүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Абактагыларга жана кызматкерлерге коронавирус илдети, анын таркашы жана кесепеттери тууралуу маалымат берилген. Кызматкерлер тепловизор аркылуу текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Мекеме оорудан сактоочу тиешелүү каражаттар менен жабдылган.

Кыргызстандын абактарында он миңден ашуун адам кармалып турат. (ZKo)