Орусияда карантин режимин бузгандар тартчу айып көбөйдү

Москвада 30-марттан тартып катаал карантин башталды.

Орус өкмөтү карантин режимин бузгандар төлөй турган айып пулдун өлчөмүн кескин көбөйттү. Административдик тартип бузуу жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми карантин тартибин бузган жарандарга 15 миңден 40 миң рубль, кызмат адамдарына 50 миңден 150 миң рубль, ал эми юридикалык тараптарга 200 миңден 500 миң рубль айып салынат. Эгерде алар карантин режимин кайталап буза турган болсо, жарандар 150 миңден 300 миң, кызмат адамдары 300 миңден 500 миң, ал эми юридикалык тараптар 500 миңден бир миллион рублга чейин айыпка жыгылат.

Мосва шаары менен Москва облусунда 30-марттан тартып өпкөнү сезгенткен вирустун жайылышын азайтуу максатында катаал чаралар күчүнө кирди. Премьер-министр Михаил Мишустин башка аймактын башчыларын Москва шаары менен Москва облусунан үлгү алууга, чукул чара көрүүгө чакырды.

Орусияда соңку бир күндүн ичинде коронавирус 300дөн ашык адамдан табылды. Ошентип ооругандардын жалпы саны 1836 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлиги бир жаран ажал тапканын, дагы 30дан ашык бейтаптын абалы оор экенин маалымдады.