Кыргызстанда коронавируска байланыштуу ишин убактылуу токтоткон сот органдарында отурумдар кайсы күнгө белгиленгенин телефондон билип турса болот. Бул тууралуу 30-мартта Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, сот жараянынын катышуучулары үйдөн чыкпастан, төмөнкү телефондор аркылуу канцелярияга чалса болот: 0 312 66-35-01 (жазык иштери), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер) жана 0312 66-30-40 же 62-19-29 (жарандык иштер).
30-марттан 3-апрелге чейин Ош, Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын, Чүй облустук жана Чүй район аралык сотторунун иши бир жумага токтотулган. Бирок судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш жүргүзө берет.
30-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдар 84кө жетти. 25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. (RK)