Караганды шаары карантинге алынды

29-мартта Казакстанда коронавируска кабылган 14 киши аныкталды.

Казакстан коронавирустун тарашын токтотуу аракетинде бешинчи чоң шаарын жапты. Карагандыда 29-мартта вируска кабылган жети киши табылгандан кийин калаага жана айланасындагы айыл-кыштактарга кирип-чыгуу чектелди. Ушуну менен өлкөдө коронавируска чалдыккан кишилердин саны 265 болду. Бир бейтап көз жумду. Буга чейин Нур-Султан, Алматы, Чымкент жана Актау шаарлары карантинге алынган.

Өзбекстанда ушул эле жекшембиде илдеттин дагы 29 учуру катталып, коронавируска кабылгандар 133кө жетти. Эки киши илдеттен көз жумганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Борбор шаар Ташкентке кирип-чыгуу 24-мартта жабылган. Ар бир киши беткап тагынып жүрүүгө милдеттүү.

Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстан «вируска кабылгандар жок» деп расмий билдирип келатышат. Бирок эксперттер бул маалыматтан күмөн санашат.