Түркияда коронавирустан көз жумгандардын саны жүздөн ашты

Cтамбул метросунда бири-биринен обочо отурган жүргүнчүлөр, 25-март, 2020-жыл.

Түркиянын саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, 28-мартта COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 108 кишиге жетти. Ал эми вирусту жугузуп алгандар 7402 ашты. Ошол эле маалда 70 бейтап сакайып кетти.

Министрлик коронавирусту жугузуп алгандардын арасында полиция кызматкерлери, дарыгерлер жана футболисттер да бар экенин маалымдады.

27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтотту. Аймактар арасында автобус каттамдары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

Түркияда өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок жашы 65 жаштан жогоруларга көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлары, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылды. Бийлик жергиликтүү калкты үйдө отуруп, эл көп жерлерге барбоого үндөп жатат.

Түркияда расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенишет. (ElB)