Түндүк Македония НАТОго расмий кошулуп, аскердик альянстын 30-мүчөсү болуп калды. Балкандагы бул чакан өлкө менен Грекиянын көптөн берки талашына чекит коюлган соң былтыр февралда НАТОго кошулуу протоколуна кол коюлган. Ага чейин мурдагы Югославиянын курамына кирген жумурият өз аталышын Түндүк Македония деп өзгөрткөн.
НАТОго кирген бардык өлкөлөр Скопьенин мүчөлүк арызын колдогон соң Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровски 20-мартта акыркы документке кол койгон.
Пендаровски анын өлкөсү Түндүк-Атлантикалык альянска киргенин коронавирус пандемиясынан улам салтанат менен белгилей албаса да, бул окуяны "тарыхый ийгилик” деп баалады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Македоиянын мүчөлүккө кабыл алынышын “жалпы аймактын интеграциясына, демократиялык реформаларына, соодага, коопсуздукка жана туруктуулукка өбөлгө болот”, - деп белгиледи.
1991-жылы коммунисттик Югославия Федерациясы ыдыраганда анын бир бөлүгү Македония Республикасы деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грекиянын түндүгүндө ушундай аталыштагы аймак да бар болгондуктан расмий Афины «келечекте бул жер талашка себеп болушу мүмкүн» деген негизде андай аталышка каршы болуп келген.