Атайын кызмат жалган маалымат тараткандарды аныктоодо

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жалган маалымат тараткан кезектеги жаранды аныктаганын маалымдады. Анда Оштогу Жапалак айылынын 41 жаштагы тургуну “айылдан эки киши коронавирус жуктуруп алган” деп жалган маалыматты социалдык тармактар аркылуу жайылтканы айтылат.

Атайын кызмат кармалган тургун жалган маалымат бергени үчүн элден кечирим сураганын билдирди.

УКМК ушул күндөрү коронавируска байланыштуу ушак, такталбаган маалымат тараткандарды аныктап жатат. Буга чейин бир нече киши кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. (TSh)