27-мартка карата чет өлкөлөрдө коронавирус жуккан кыргызстандыктардын саны - бешөө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, СOVID-19 вирусу жуккан үч кыргызстандык Пакистанда, бирөө - Бириккен Араб Эмираттарында (ал Сауд Арабиясынын Жидда шаарына барып келген) жана бирөө - Испанияда.
Акматова бейтаптардын абалы туруктуу экенин, алар аталган өлкөлөрдө дарыланып жатканын билдирди.
Буга чейин Пакистанда коронавирус жуккан кыргыз жараны бирөө экени, ал жакка дааватка барганы кабарланган.
Кыргызстанда 27-мартка карата COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталды. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда.
Коронавирусту жайылтпоо максатында 25-марттан тартып илдет табылган аймактарда өзгөчө абал режими киргизилген. (BkA)