Коронавирус илдетине чалдыгып, учурда реанимацияда жаткан алты адамда өпкөнүн сезгениши (пневмония) байкалууда. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, айрымдарына кычкылтек өзгөчө зарыл болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
26-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандар катталган жок. 18-25-мартта Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон, эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86 жашта. Реанимациядагы алты адамдан башкаларынын абалы орточо жана канааттандырарлык. (TSh)