Бишкектин коменданты иштеген мамкызматкерлерди азайтууну суранды

Бишкектеги посттордун бири.

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал учурунда иштеген мамлекеттик кызматкерлерди азайтууга чакырды.Бул тууралуу Орозалиев бүгүнкү басма сөз жыйынында билдирди. Ал өкмөт аппаратына кат менен кайрылып, ушул күндөрү иштеген мамлекеттик кызматкерлерди азайтууну жана иштегендерге атайын транспорт уюштурууну суранган.

Алмазбек Орозалиев учурда кошумча буйруктар чыгарылып, азык-түлүк коопсуздугун сакташ үчүн шаарга азык-түлүк өнүмдөрүн ташып келе жаткан унааларды бир нече санитардык-карантиндик посттон киргизүүгө уруксат берилгенин кабарлады.

Ошондой эле дарыкана кызматкерлеринин тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу иштери уюштурулууда.

Кыргызстанда 26-мартка карата коронавирус инфекциясын 44 киши жугузуп алганы аныкталды. 25-марттан тартып өлкөдөгү Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык, жарандардын кечки саат 20:00дөн таңкы 07:00гө чейин сыртка чыгышына тыюу салынган. Башка учурларда ооруканага, дарыканага жана азык-түлүк дүкөнүнө чыгууга уруксат. Ал эми азыркы убакта иштеп жаткан мекеме-уюмдардын кызматкерлери болсо жумуштан алынган уруксат кагазынын негизинде ишке чыгып жатат. (BkA)