Бишкекте дезинфекциялоо үчүн карантин зонасы түзүлүп, көчөлөр жабылды

Бишкек. Дезинфекция иштери жүрүп жатат.

Бишкекте коронавируска каршы дезинфекция жүргүзүш үчүн карантин зоналары түзүлүүдө. 26-мартта бул максатта Ахунбаев, Чапаев, Жаш Гвардия, Жибек Жолу, Осмонкул, Салиева, Курманжан датка, 7-Апрель көчөлөрүнө тосмо коюлду. Бул тууралуу 26-мартта онлайн басма сөз жыйынында шаардын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бул зонага мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер, күч түзүмдөрүнүн, банк системасынын кызматкерлери жана азык-түлүк, дары-дармек менен камсыздоочу жумушчулар гана күбөлүгүн көрсөтсө кире алат.

«Бул аймакта дезинфекция иштери жүрүп жатат. Ошондуктан карантин зонасы түзүлдү», - деди Орозалиев.

Коменданттын айтымында, жогоруда аталган көчөлөр менен чектелген аймакта дезинфекция иштери аяктагандан кийин чектөө башка көчөлөргө да коюлат.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. (RK)