Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучулары өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 25-мартта «Ак-Тилек автожол» аркылуу 97, «Чон-Капка автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу – 26 жүк ташуучу машине Кыргызстанга келди. Ал эми Кыргызстандан бул өткөрмө жайлары аркылуу 192 жүк ташуучу автоунаа чыгып кетти.
Бул жүк ташуучу машинелерде азык-түлүк, эл керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башкалар бар. Казакстан менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө айрым азык-түүлүк түрлөрүн ташууга убактылуу тыюу салган.
Буга чейин Чүй облусундагы «Ак-Тилек» жана Таластагы «Чоң-Капка» бекеттеринде казак тараптан азык-түлүк жана жабдык жүктөлгөн жүздөгөн оор жүк ташуучу машинелер чек арадан өтө албай турганы кабарланган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадан жүк алып өтүү маселесин талкуулашты. (TSh)