Кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстандын башкаруусуна берилди (видео)

Иллюстрациялык-сүрөт.

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилди. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-мартта ушундай билдирүү таратты.

Covid-19 оорусуна каршы күрөшүү үчүн оорукана Кыргызстанга берилгени айтылды.

Алты кабат жаңы ооруканада заманбап реанимация жабдуулары, тийиштүү техника бар. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок Кыргызстанда мындай программаны билген адистер жок болгондон улам түрк тарап оорукананы алгачкы жылдары башкарууну өзү колго алууну көздөп келген.

Бишкектеги заманбап ооруканага саякат (27.12.2017-ж.)

18-24-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 42 адам катталды. Алардын эң кичинеси бир жашка толо элек ымыркай, карысы 86 жашта экени айтылды. 25-марттын таңына карата жаңы учурлар катталган жок.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат, Ала-Бука аймактык ооруканаларында жатат.

Дүйнөдө коронавирус күчөп турган чакта кыргыз-түрк ооруканасын тез арада ачуу зарылчылыгы парламентте жана социалдык түйүндөрдө айтылып жаткан. (BCh)