Коменданттык саат: Кечки сегизден таңкы жетиге чейин кыймыл толук токтошу керек

Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу 24-мартта ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, саат кечки сегизден эртең мененки саат жетиге чейин көчөдө себепсиз жүрүүгө толук тыюу салынат.

Адамдардын жөө да, машине менен да ары-берүү жүрүшү толук токтошу керек экенин айткан Орозалиев коменданттык сааттын шартын бузгандарды милиция кармап кетүүгө укуктуу экенин эскертти:

«Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандарды ички иштер органдары өздүгүн жана көчөдө жүрүү себебин аныкташ үчүн убактылуу кармай алат. Андан сырткары өздүгү аныкталбаган жарандар камакка алынат жана ошол жердин тургуну болбосо коменданттык аймактан сырткары чыгарылат».

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койду.

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42 кишиге жетти. (RK)