ДСУ: адам коронавирус менен күрөштө иммунитетине үмүт артышы керек

Тедрос Аданом Гебрейсус.

Пандемия дүйнө жүзү боюнча кескин жайылууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейсус COVID-19 аныкталган алгачкы күндөн тартып 67 күндүн ичинде аны жугузгандар 100 миң кишиге жеткенин билдирди. Жугузгандардын саны 100 миңден 200 миңге чейин 11 күндө көбөйгөн. Ал эми төрт күндөн кийин коронавирус жуккандардын саны 300 миңге жеткен. Учурда коронавирус аныкталгандардын саны дүйнө жүзү боюнча 378 миң кишиге жетти.

COVID-19 илдетине каршы 20дан ашык дары изилденип жатат. Алардын айрымдарынын натыйжасы апрель айында сыналышы мүмкүн. Ошол эле учурда жугуштуу вирустарга каршы дарыны ойлоп табуу кыйын. Жаңы коронавирус илдетинин дарысы табылган күндө да анын башка кесепеттерин изилдөөгө бир нече ай кетет.

COVID-19 менен күрөшүүдө адам өзүнүн иммунитетине, карантин чараларына жана вакцинаны ийгиликтүү иштелип чыгышына үмүт артышы керек.