Ээн калган Ош

Ошто кичи автобустар токтоп, троллейбус жана чоң автобустар гана иштеп жатат. 

Ош шаары, 19-март, 2020-жыл.

Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган жети жерге санитардык-карантиндик пост орнотулду. Бул блок-посттордо санитардык кызматкерлер дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.

Жер-жемиш саткан дүкөн. Ош шаары.

Ош шаарында коронавирустун алдын алуу үчүн борбордук көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери 22-мартта башталган. 

Жер-жемиш саткан базар.

Көчөт базарында кардар күткөн сатуучу. Ош шаары, 22-март.

Сатуучу.

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун аймагы коронавируска байланыштуу 19-марттан тартып жабылып, аны милиция көзөмөлдөп турат. 

Ош шаарында мамлекеттик мекемелерде, коомдук транспортто жана базарларда дезинфекция иштери жүргүзүлүп жатат.

Шаардагы дүкөндөрдүн бири.

Ош шаары, 22-март.

Оштогу сейил бак. 22-март, 2020-жыл.

Оштогу базар.

Ош шаарына кире турган жети жерге санитардык-карантиндик пост орнотулду. 

Мамлекеттик мекемелердин дээрлик баары карантинге жабылды.

Оштогу автобекет карантинге жабылган.

23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.