Орусияда Конституция боюнча референдумдун мөөнөтү жылышы мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда коронавируска байланыштуу жагдайдан улам Конституцияны өзгөртүү боюнча 22-апрелдеги жалпы элдик добуш берүү июнь айына жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы президенттин администрациясындагы бир катар ишенимдүү булактарына шилтеме кылып жазды. Гезит азырынча референдумдун так датасы аныктала элек экенин, жакында президенттин жаңы жарлыгы чыгышы ыктымал экенин билдирди.

Жекшембиде Орусиянын айрым аймактарында Конституцияны өзгөртүү, анын ичинде Владимир Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгаруу боюнча сунуштарга каршы акциялар өттү. Красноярскидеги митингге 200дөй киши келгенин «Азаттыктын» орус кызматы кабарлады.

Новосибирскиде катуу шамалга карабай 40тан ашык киши Орусиядагы саясий репрессияга каршы чыгышты. Активисттер «саясий туткундардын камак мөөнөтүн жокко чыгарууну» талап кылышты. Кемероводо жалгыз пикетке чыккан жигитти полиция кармап кетти.

Жалгыздап пикетке чыккандар Калининградда да болду. «Росбалт» агенттиги Ростов-на-Дону, Чита жана башка шаарларда да митингдер өткөнүн жазды.

Орусиянын айрым аймактарында, анын ичинде Москва менен Санкт-Петербургда коронавируска байланыштуу эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынган.

Орусияда соңку бир күндүн ичинде коронавирус 71 адамдан табылды жана ооругандардын жалпы саны 438 кишиге жетти.