Бишкекте тигүү цехи күйүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында тигүү цехи күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя Ленин районуна караштуу көчөлөрдүн биринде 22-мартта болгон.

Күйүп кеткен цехтин жалпы аянты 200 чарчы метр экени айтылды. Кырсыкка эмне себеп болгону азыр иликтенип жатат.

Жалпысынан, Кыргызстандын аймагында соңку бир сутка ичинде 13 өрт катталды. Адам өмүрүнө коркунуч келтирген учур болгон жок. (RK)