Кыргызстандын коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жугуштуу илдетке каршы вакцина боюнча маалыматын жарыялады. Ага ылайык, коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет.
«Даярдалган вакцина менен миллиарддаган адамдар эмделет, ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбеши керек», – деп жазылат штабдын маалыматында.
Республикалык штаб Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Майкл Райандын сөзүн келтирген.
«Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина даярдалып жатат. Анын ичинде америкалык вакцина сыноодон өткөрүлүүдө. Жакын арада адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече дары-дармекти да сыноодон өткөрө башташат», - деди Майкл Райан.
Дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 330 миң кишиге жетти. 14 миңден ашуун адам көз жумду. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, илдетке чалдыккандардын 97 миңдейи айыгып чыкты. (TSh)