Абылгазиев: өкмөт өз социалдык милдеттерин толук аткарат

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коронавируска байланыштуу абалды жөнгө салуу боюнча республикалык ыкчам штабдын алгачкы жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу жарандарга бир катар ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Өкмөт башчысы элди жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды:

«Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга бир аз оңтойсуздуктарды алып келет. Бирок бул мажбур болгон жана убактылуу чечим экендигин түшүнүү керек. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылат деп сиздерди ишендирип кетем. Башкысы, кымбаттуу мекендештер, инфекциянын жайылышын токтотуу максатында киргизилип жаткан эрежелерди сакташыңыздар керек»,-деди Абылгазиев.

Премьер-министр “өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе жаралбайт” деп белгилеп, учурда эң маанилүүсү тартип жана жоопкерчилик экенин кошумчалаган.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жалпысынан 14 адам жугузуп алган. Сузак районунда сегиз, Ноокатта үч, Бишкек шаарында эки жана Баткен районунда бир адам катталган. Бейтаптардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейин, алар учурда тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бул жагдайдан улам өлкөдө 22-марттан тарта бир айга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (BkA)