АКШ: 1,4 триллион доллардык жардам боюнча сүйлөшүү уланат

Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл.

АКШнын Конгрессинде коронавирустун кесепетин жоюуга 1,4 триллион доллар бөлүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Республикачылар менен демократтар мунаса табууга жакын калганын Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл билдирди.

“Эки тараптын чабармандары президенттик администрация менен бирге америкалык жумушчулар менен алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн, чакан бизнести коргоо үчүн жана коронавируска каршы саламаттыкты сактоо тармагын күчтөндүрүү үчүн чоң мыйзамдын үстүндө иштеп жатышат”, - деди сенатор Макконнелл.

Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер да эки тарап кепке келерине ишенип турганын билдирди. Сүйлөшүүлөр 22-мартта да уланат.

Ак үй Конгресстеги эки партиянын өкүлдөрүн чукулунан акча бөлүүгө үндөп жатат. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, жылына 99 миң доллардан азыраак акча тапкан америкалык салык төлөөчүгө бир жолу 1200 доллардан жардам берилиши мүмкүн. Ошондой эле коронавирустан улам кирешеси азайган авиакомпанияларга жана башка өндүрүштүк ишканаларга финансылык колдоо көрсөтүлөт.

Соңку бир сутка ичинде коронавирусту жугузуп алгандардын саны боюнча АКШ Кытай менен Италиядан кийинки үчүнчү мамлекетке айланды. Бул өлкөдө илдет 27 миң адамга жукса, алардын 300дөн ашыгы каза болду. 176 киши сакайып чыгышты. Калифорния, Нью-Йорк жана Иллинойс штаттарында мектептер, университеттер, көңүл ачуучу жайлар жабылды.