23-марттан тарта Өзбекстанда беткап тагынуу милдеттүү болот

Өзбекстанга чет элден келгендерди дезинфекциялоо учуру.

Өзбекстанда 23-марттан тарта коомдук жайларда беткап кийбей жүргөн кишилерге эскертүү берилет, ал эми 25-марттан баштап айып салынат. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавируска каршы атайын комиссиясы билдирди. Айыппулдун өлчөмү жөнүндө айтыла элек.

23-марттан тарта Өзбекстандын бардык чек аралары жабылат. Ташкенттеги мекеме-ишканалар онлайн же аралыктан иштөө эрежесине өтөт.

22-марттагы расмий кабарга ылайык, Өзбекстанда 43 кишиде COVID-19 вирусу аныкталды. Алар - Франциядан, Түркиядан, Британиядан, Швейцариядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан келген өзбекстандыктар жана алардын туугандары. Учурда миңдеген адамдар дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.

Кытайдын Ухань шаарынан тараган коронавирусту дүйнө жүзүндө жуктуруп алгандардын расмий саны 286 миңден, илдеттен көз жумгандар 13 миңге жетти, 94 миңдей адам сакайды.